Биз менен байланышыңыз

Министр: «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу дээрлик 50% көбөйтүлдү

Кыска кабар | 25 Июл 2022 | 495 | 0

Быйыл 1-июндан баштап жалпы оорудан майыптыгы бар адамдарга, улгайган адамдарга, баатыр-энелерге социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулатылды.

Бул тууралуу 25-июлда өтүп жаткан маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен баштап, министрликтин системасында иштеген 2850 кызматкердин айлыктары орточо эсеп менен 50 жана 100 пайызга чейин көбөйтүлдү.

1-июндан баштап «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү. Жыл башынан бери аз камсыздуулук боюнча жөлөкпул алуучулар дээрлик 40% чейин электр жарыгына женилдик алышты (77 тыйындан 50 тыйынга (1 кВт/саат).

Мындай жардамды республика боюнча 100 минден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатат.

«2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу алкагында, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда  социалдык келишим (контракт) деген жаңы киреше алып келүүчү долбоорду ишке киргиздик.  

Социалдык келишимге кол койгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам  берилди.Жалпысынан, бул пилоттук райондор 500 ашык адамдын жашоо шарты жакшыртат» , — деди министр.

2022-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 219 704 аз камсыз үй-бүлө аныкталган.

Бүгүн, 25-июлда тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери алты айда аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү улантышты.

Эртең мененки саат 10:00дөн тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министригинин маалыматтары угулууда.

Отчет берүүдө мамлекеттик органдардын жетекчилери алгач 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип, андан соң медиа өкүлдөрү жана башка катышуучулардын суроолоруна жооп берет.

Copyright © 2017 Maral FM