Биз менен байланышыңыз

Активист Айжана Мырсанга кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 23 Июл 2022 | 430 | 0

Жарандык активист Айжан Мырсалиевага (Айжана Мырсан) Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу)  боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди. 

РИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 16-мартында Tik-Tok социалдык тармагында @rinat_usupbaev таандык аккаунтта Айжан Мырсалиеванын видеосу жарыяланган. Видеодо улуттар аралык кастыкты (аразчылыкты) козуткан жана кемсинткен сөздөр колдонулган деп маалымдалат. Кылмыш ишине карата комплекстүү диний-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн.

23-июлда активист адвокаттардын коштоосунда тергөө бөлүмүнө келип, керектүү процессуалдык аракеттерге катышкан. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Айжан Мырсан “бул буйрутма, мени кетирүүнү көздөп жатышат” деп эсептейт. 

Copyright © 2017 Maral FM