Биз менен байланышыңыз

25-июлда Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

Кыска кабар | 23 Июл 2022 | 445 | 0
25-июлда Бишкектин айрым жерлеринде саат 9:00дөн 21:00гө чейин муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү  күндөн тартып «Гагарин» суу өткөргүчүндө оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери аткарылат. Андыктан Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунушалиев, Гагарин, Муромский, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүракунов, Алыкулов көчөлөрүндө, Ак-Өргө жаңы конушунда, Өмүракунов көчөсүнүн түндүк тарабында, Жумушчулар шаарчасында, Дыйканчылык институтунда суу убакытылуу берилбейт.
«Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат», — деп жазылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM