Биз менен байланышыңыз

Нарын: Жарым жылда аялдарга 100дөн ашык зомбулук жасалган

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 410 | 0

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы боюнча облустун жергиликтүү райондук мамлекеттик администрацияларында текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында облус аймагында 2022-жылдын 6 айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132  факты катталды.

Анын 118 учуру аялдарга карата, 13 учур жаш жетелектерге карата жасалган. Тагыраагы, 64 учур физикалык зомбулук, 68 учур психологиялык зомбулук.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун пайда болушун алдын алуу үчүн райондук администрациялар тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүктөн, район башчыларынын орун басарларына карата «Укук бузуулар жөнүндөгү» Кодексинин 435-беренесинин негизинде 5 укук бузуу жөнүндө өндүрүш иши козголду.

Натыйжада, сот тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, алар административдик жоопкерчиликке тартылуу менен бирге, ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды.

Облустук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдар менен иштөө, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка каршы туруу боюнча иш-чаралар күчөтүлүп алып барылат.

Copyright © 2017 Maral FM