Биз менен байланышыңыз

Кийинки кеңешме Тажикстанда болот

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 470 | 0

Борбор Азия мамлекет башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу Тажикстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн өтүп жаткан кеңешмеде билдирди.

«Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын юбилейлик кеңешмесине төрагалык кылууну канааттануу менен өткөрүп берип жатам. Тажикстан президенти Эмомали Шариповичке ийгиликтүү жана жемиштүү төрагалык каалайм» — деди өлкө башчы.

Ошондой эле, Азербайжан кийинки жолугушууга ардактуу конок катары катышууга кызыкдар экенин билдирди. Төртүнчү консультативдик жолугушууга катышуу сунушу менен кайрылышкан.

«Бирок алдын ала кеңешмелер көргөзгөндөй, азырынча консенсус жок экен. Буга байланыштуу каршылык болбосо, тышкы иштер министрлерине маселени иштеп чыгып, дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүнү тапшырууну сунуштайм», — деди.

Бул жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө:

«Борбордук Азия лидерлеринин Консультативдик жолугушууларынын ишине башка коңшу мамлекеттердин, мисалы, Россия менен Кытайдын жогорку өкүлдөрү чакырылган коноктор катары катыша алышат. Бул, өзгөчө конкреттүү маселелерди кароодо Борбордук Азия өлкөлөрүнө пайда алып келет деп ишенем», -деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM