Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров чек ара мамилелерин соода аркылуу бекемдөөгө болорун билдирди

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 255 | 0

Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, чек ара маселелерин соода-сатык алакасын жакшыртуу менен чечүүгө болорун белгиледи.

«Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы эркин соода жана инвестиция, транспорттук жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү деп эсептейм. Бүгүнкү күндө бул тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыктын жакшы мисалдары бар. Сооданы активдештирүүгө Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында түзүлгөн чек ара соода борборлору, ошондой эле кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан өнөр жай соода-логистикалык борбор көмөктөшөт.

Эркин соодага тоскоол болгон тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды, анын ичинде чек арадагы товарларды негизсиз кечиктирүүлөрдү толугу менен алып салуу өтө маанилүү. Санариптештирүү куралдары топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет» ,- деди Жапаров.

Өлкө башчы дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукка көңүл бурууга чакырды.

«Дүйнөлүк соода түйүндөрүнүн үзгүлтүккө учурашына жана товарларга жана чийки затка киргизилген экспорттук чектөөлөргө байланыштуу, айыл чарба, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен биздин өлкөлөр өздөрүн азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жөндөмдүү» . 

Ошондой эле, Борбор Азия мамлекеттеринин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алуу менен, транспорттук-транзиттик жана логистикалык инфраструктураны жакшыртууга, башка транспорт түйүндөрүнө кошулууга күч-аракет жумшоо зарыл экенин кошумчалады.

«Жакынкы он жылдыктарда темир жол жана автомобиль коридорлорун өнүктүрүү Борбордук Азияны маанилүүлүгү боюнча тарыхый Жибек Жолунун кем калышпай турган жаңы соода жолдорунун кесилишине айландырышы мүмкүн». 

Өлкө башчысынын айтымында,  жалпы коопсуздук, стабилдүүлүк жана бакубатчылык аймактагы мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин атмосферасына көз каранды.

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM