Биз менен байланышыңыз

Келишимге Борбор Азиянын үч президенти кол койду

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 1146 | 0

Бүгүн, 21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир канча документтерге кол коюлду. Өлкө башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Бул маанилүү документ регионубуздун өлкөлөрүнүн жакындоосуна жана учурдун коркунучтары менен чакырыктарына туруштук берүү үчүн күч-аракетибизди консолидациялоого оң таасир берерине ишенем. Бул тарыхый учур жана бул Келишим Борбордук Азиянын жалпы мейкиндигинин гүлдөп өнүгүүсөнө бекем негиз болуп берет деп ишенем», — деди С.Жапаров.

Андан сырткары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Copyright © 2017 Maral FM