Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия мамлекет башчылары Чолпон-Атада чогулушту

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 357 | 0

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу өтөт. Кеңешмеге катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда келген.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга бүгүн келди.

Үч мамлекет башчы кечээ бейформал жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле жолугушуунун алкагында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлерин мамлекет башчы Садыр Жапаров кабыл алган.

Чолпон-Атада өтө турган Борбор Азия өлкө башчыларынын кезектеги кеңешмесинде беш мамлекет достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коёру күтүлүүдө.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаров Бердымухамедов жана Рахмон менен эки тараптуу жолугушуларды өткөрмөкчү.

Садыр Жапаров биринчи жолу сыйлуу конокторду бир жерде тосуп алып жатат. 

Copyright © 2017 Maral FM