Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Борбор Азия башчылары чогулууда

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 286 | 0

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана  Шавкат Мирзиёев 20-июлда бейформал жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчылыгынан билдиришти.

Үч президент кемеге сейилдөөгө чыгып,андан соң Бостери айылындагы “Nomad” этнокомплекси менен таанышты. Мамлекет башчылары кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин көрө алышты.

Ошондой эле, аталаган этнокомплекстин амфитеатрында “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Ал эми Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши 21-июлда  күтүлүп жатат.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM