Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 209 | 0

Бүгүн, 20-июлдан тарта Бишкектин Орозбеков көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Орозбековдун Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкесин «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен реконструкциялоо пландалууда.

Аталган тилке жабылып, Разаков жана Панфилов көчөлөрү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болору айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM