Биз менен байланышыңыз

Курулуштагы коррупция. Башкы прокурордун маалыматы

Саясат | 19 Июл 2022 | 1919 | 0

Бүгүн, 19-июлда өкмөт үйүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы менен укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү.

Анда шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары, ошондой эле 2020-2022-жылдарга бюджеттик каражатты пайдалануу, курулушка уруксат берүү жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү боюнча мыйзам бузуулардын алдын алуу чаралары талкууланды.

Мыйзамсыз курулуштардын көбөйүүсүнө жол берилүүдө

Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берип жатып, айрым мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу, өзүм билемдик менен салынып жаткан имараттардын санын көбөйтүп жатканын айтты.

Ал айрым ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, калктуу конуштардагы жер тилкелерин берүүдө, зарыл чечимдерди кабыл алуу үчүн, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү – бул көйгөйлөрдүн пайда болушунун башкы себептеринин бири болуп жаткандыгын айтты.

Жер кодексинин 119-беренесинин 3-пунктуна атайын өзгөртүүлөр киргизилип, жер укуктук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштар соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин, доону камсыз кылуу үчүн чара катары курулушту токтотууга тыюу салынаары белгиленген.

Бул ченем курулушчуга соттук териштирүүлөргө карабастан мыйзам бузуу менен берилген жер тилкесинде капиталдык объекттерди курууну аяктоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, прокуратура органдары тарабынан акыркы бир жылдын ичинде жергиликтүү бийлик, архитектура жана башка органдары мыйзамсыз берген 1477 га жер тилкеси кайтарылган.

«Бул багытта көйгөйлөр көп. Аларды жөн эле курулуш долбоорлорун токтотуу менен чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан архитектура жана курулуш тармактарын өнүктүрүү багытын кайра карап чыгып, талаптарды күчөттүү зарыл» , – деди Курманкул Зулушев.

Кыргызстанда 78 объекти өзүм билемдик менен курулган. Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 36,

Ош ш. – 24,

Жалал-Абад обл.-15,

Чүй обл. – 3.

Алардын негизги бөлүгү көп кабаттуу турак үйлөр болуп саналат.

Прокуратура Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Жыйынтыгында имараттарды пландоо, контролдоо, кароодо жана бекитүүдөгү документтердин жетишсиздиги, айрым социалдык объектилер өз убагында каржыланбай, бүткөрүлгөн эместиги аныкталган.

«Мамлекеттик органдар тарабынан курулуш иштерине тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, өз алдынча курулуштар көбөйүүдө», — деди башпрокурор.

Ал мындай милдеттерди иш жүзүнө ашырууда мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын, жыйынга катышып жаткандардын ар биринен бул маанилүү иште өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так, өз мөөнөтүндө, сапаттуу жана толук кандуу аткаруусун талап кылаарын кошумчалады.

Мамкурулушта 70 млн сом мыйзам бузуулар аныкталган

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде 70 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеде билдирди.

«Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик экспертиза департаментинин кызматкерлери Эмгек кодексинин 171-беренесин бузуу менен жана жергиликтүү ченемдик укуктук актысы жок, ошондой эле жогору турган Мамкурулуш менен макулдашпай туруп, экспертизадан өткөргөндүгү аныкталган. 11 млн 338 миң 549 сом кошумча эмгек акы жана 60 млн 638 миң 579 сом сыйлык төлөнгөн», — деди ал.

Менчиктештирилген 400 гектарга жакын жер тилкеси кайтарылды 

2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз менчиктештирилген 352 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылганын Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, жер бөлүштүрүүдө жергиликтүү бийлик, архитектура жана башка бийлик органдарынын ортосунда коррупциялык схемалар орун алып келет.

«Буга байланыштуу прокуратура органдары 2021-жылы өлкөдө ар кандай багыттагы 1 миң 125 гектар жерди кайтарып берген. Өз кезегинде, 2022-жылдын 6 айында мыйзамсыз берилген 352 гектар жер мамлекетке кайтарылган» , — деди Зулушев.

Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолугушту

Өкмөт үйүндө өткөн координациялык кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана башка мамлекеттик жетекчилер катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен жылыш жок экенин моюнга алды.

Ал майда жергиликтүү кызматкерлер бюрократияны күчөтүп, күнүмдүк акча табуу менен алек экенин, ал эми «чоңдор» кызматтарын кыянаттык менен пайдаланып жатканын билдирди.

«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып. Мамлекеттик кызматкерлер тарабынан күнүнө алты-жети кылмыш болот экен. Коррупция менен күрөшүүдө ар кандай себептер менен жакшы жыйынтыктарды чыгара албай жатабыз. Натыйжада Кыргызстанда коррупция турмуштун көптөгөн тармагында сакталып кала берүүдө. Элдин нааразылыгы адилеттүү, туура. Алар аны күнүгө жон териси менен сезип жатат. Эл аралык уюмдун маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстан жемкорлук менен күрөшүүдө 124-орунда болсо, азыр 148-орунда» , — деди Жапаров.

20 жыл мурун башталган курулуштар бар…

Бүгүнкү күндө Мамкурулуш агенттиктин карамагында курулуш стадиясында турган 492 социалдык объект аныкталды, алардын ичинен 117си узак мөөнөттөн бери курулуп жатат. Анын ичинде 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттык сактоо, 15 маданият, спорт жана башка объектилер бар.

«Булардын айрымдарынын курулуш иштери 20 жыл мурун башталган. Айрым подрядчылар жеке кызыкчылыктарынын негизинде  объекттерди куруу процессин манипуляциялап жатса да,  мындай шылуундарга карата тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү Мамкурулуш агенттиктин ишиндеги коррупциялык тобокелдиктердин жогорку деңгээлин күбөлөндүрөт» , — деди Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Мирлан Майтпасов.

Прокуратура сапатсыз курулуштарды текшерүүгө алат

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынынын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM