Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтү, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37 градус болот.
Күндүн табы 40 градуска чейин көтөрүлөт