Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы 42 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 1014 | 0

20-25-июлга чейин өлкө аймагында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй өрөөнүндө 36…41°,

Талас өрөөнүндө 34…39°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º,

тоо этектеринде 34…39°,

Суусамыр өрөөнүндө 27…32º,

Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º,

Тоолуу райондорунда 24…29°,

бийик тоолордо 14…19°  чейин жылуу болушу күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмде суунун жетишсиздиги пайда болот. Жогорку кан басым жана жүрөк оорусу бар адамдардын айрыкча сак болуусу сунушталат.

Ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Катуу ысыктан кантип коргонуу керек? Дарыгердин кеңештери

Copyright © 2017 Maral FM