Биз менен байланышыңыз

Катуу ысыктан кантип коргонуу керек? Дарыгердин кеңештери

Блог , Кыска кабар | 12 Июл 2023 | 1637 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймактарында 30-июнга чейин чектен тыш ысык болуп, күндүн табы +40 градуска чейин көтөрүлөрүн билдирди. Мындай күндөр дагы кайталанышы мүмкүн экени айтылды.

Дарыгерлер температуранын 35-38 градустан жана андан жогору көтөрүлүшү калктын ден соолугу үчүн коркунучтуу фактор болуп саналарын эскертишти.

Бул улгайгандарга, кош бойлуу аялдарга, балдарга, ошондой эле өнөкөт оорусу (жүрөк-кан тамыр, бронх-өпкө системасы ж.б.) бар адамдарга көбүрөөк таасир этет.

Ал организмдеги суюктуктарды жана минералдык туздарды, калий, магний ж.б. ашыкча жоготуудан болот. Суюктуктун аздыгы жүрөк-кан тамыр системасына кошумча жүк болуп, кандын коюлуп, уюп калуу коркунучу пайда болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин дарыгери Сарыева Гүлнара ысыктан сактануунун жолдорун айтып берди:

1.Күндүн нуру түздөн-түз тийүүсүнөн мүмкүн болушунча алыс болуп, көлөкөдө жүрүүгө же сыртта азыраак жүрүүгө аракет кылыңыз. Айрыкча, саат 12:00дөн 17:00гө чейин. Бул убакта күн демейдегиден ысык болот.

2. Күндөн коргоочу бардык буюмду колдонуңуз, маселен, баш кийим, кол чатыр сыяктуу.

3. Мүмкүн болсо, физикалык кыймылды азайтып, мээге да күч келтирбеңиз.

4. Сууну көбүрөөк ичиңиз (кайнатылып муздатылган суу, шире, мөмө-жемиш кайнатмасы, лимонад, квас, газдалбаган минералдык суу, улуттук жана башка алкоголсуз суусундуктар).

Ошол эле учурда сасык тумоого кабылып калбаш үчүн суусундуктар муздак болбошу керектигин эске алыңыз. Сууну регулярдуу түрдө, ар бир жарым саатта ичүү керек. Чоң кишилер болжол менен бир күндө 2-2,5 литр ичсе болот. Балдар андан азыраак ичиши керек.

5. Жашылча-жемиштерди, өзгөчө бадыраңды, жаңы помидорду, апельсин, өрүк, алма, дарбыз, коонду көбүрөөк жеш керек. Мөмө канчалык ширелүү болсо, ошончолук организмдеги суюктукту керектүү өлчөмдө толтура алат.

6. Аба желдеткич жана кондиционерди колдонуңуз. Ошол эле учурда вентилятордон чыккан аба агымы өзүңүзгө багытталбашы керек, ал ар кандай багытта айланганы жакшы.

Кондиционер өтө муздаткан бөлмөдөн ысык абага чыгуу кооптуу экенин эстен чыгарбоо керек, тумоолоп калышыңыз мүмкүн.

Ысыкта кандай кийим кийүү маанилүү?

7. Тар эмес, жеңил, кенен кебез кездемеден кийим кийүү жакшы. Эркектер галстук тагынуудан мүмкүн болушунча алыс болушу керек, анткени алар кан айланууга тоскоол болот.

8. Мүмкүн болсо тез-тез душка түшүңүз же жок дегенде муздак сууга малынган сүлгү менен денеңизди сүртүңүз. Мындай шарт жок болсо, нымдуу салфеткаларды колдонуңуз.

9. Күн ысыкта жылаңаяк жүрсө жакшы. Чөптө 10-15 мүнөт басуу кан айланууну жакшыртат, натыйжада жалпы тонус жогорулап, адамдын өзүн жакшы сезүүсүнө алып келет.

10. Балаңызга арыктар, каналдар жана башка туш келди булактардан суу ичпөө керектигин эскертиңиз. Ошондой эле балдарды күндөн коргоо үчүн баш кийим кийгизиңиз. Сөзсүз жаныңызда суу алып жүрүңүз.

Климаты ысык өлкөлөрдө түшкү тыныгуулар эки-үч саатка созулат. Бул жумушчуларды зыяндуу ашыкча жүктөн, ал эми иш берүүчүлөрдү натыйжасыз пайдаланылган жумуш убактысы үчүн төлөөдөн куткаруунун бир жолу.

Иш ордунда абанын температурасы жогору болгондо иштөө убактысы ар бир жарым градуска жараша бир саатка кыскарышы керек. + 33 градус, андан жогору температурада иштөө сунушталбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM