Биз менен байланышыңыз

Министр: Эң көп чыгым селдин кесепетинен болду

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 275 | 0

2022-жылдын 6 айында 921 өзгөчө кырдаал катталган. Анын кесепетинен 95 адам каза болду. Бул тууралуу 18-июлда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчеттук жумалыгынын алкагындагы маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев билдирди.

2021-жылдын ушул мезгилинде 913 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 147 адам каза болгон. Материалдык чыгым 1 млн 423 миң сомду түздү.

Министрдин маалыматы боюнча, өлкөдө сел каптоодон 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен республика боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым унаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил унаа жабыркады.

«Эң оор өзгөчө кырдаал — бул сел. Анын кесепетинен 231 объект жабыркаган. Келтирилген материалдык чыгым 174 млн сомду түздү», — деди министр.

Мындан тышкары, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 823 өрт кырсыгы катталды. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 227 млн сомду түздү. Андан 16 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM