Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерди кемсинткендиги үчүн айып пул киргизүүгө каршы өтүнүч түзүлдү

Кыска кабар | 16 Июл 2022 | 560 | 0

Адам укуктары боюнча жаштар бюросу мугалимдерди кемсинткендиги үчүн айып пул салууга каршы кол топтой баштады. Өтүнүч change.org. сайтында жайгаштырылган.

Уюмдун айтымында, 2022-жылдын февралында бир нече депутаттар укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ага ылайык мугалимдерди кемсинткендиги үчүн окуучунун ата-энесине айып пул салынат, ал эми кайталанганда административдик камакка алууга чейин жаза берилиши мүмкүн.

Июнь айында Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

«Ошол эле учурда, биздин өлкөдө балдар коомдун аялуу катмарынын бири бойдон калууда, алар күн сайын зордук-зомбулукка жана кысымга дуушар болушат. Бирок балдарды коргоону күчөтүүнүн ордуна мамлекет аларга кысым көрсөтүүнүн кошумча жолун түзүүнү сунуштап жатат», — деп белгилешет петициянын авторлору.

Алардын ою боюнча, мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет. Себеби Башмыйзамда «Балдар — Кыргыз Республикасынын эң маанилүү баалуулугу», республикада «баланын мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат» деп көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, бул документ КР кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди бузат.

Copyright © 2017 Maral FM