Улуттук гвардиянын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
16-июлда саат 06:30дан 08:00гө чейин даярдык иштерине карата унаалар үчүн жол жабык болот.
Ал эми 17-июлда саат 17:00дөн 20:00гө чейин майрамдык иш-чарага байланыштуу аянт жабылат.