УКМК тарабынан жогорку билимин тастыктаган дипломду мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды.
Маалыматка караганда, О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу жарандар үч миң долларга Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун Л.А. аттуу жаранга жасап беришкен.
Алар 14-июлда дипломду берип, акчаны алып жаткан учурда кармалышкан. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.