Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстандын жарандарын жумушка алат

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 1093 | 0

Япония Кыргызстандын 300дөн ашык жаранын заводдорго жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Кечээ, 14-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Япониянын KOBE International Trade Promotion Association компаниясынын башкы директору Широ Сурумаки менен макулдашууга кол коюшту.

Келишимге ылайык, «техникалык стажерлер» программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары Японияда окуп, андан кийин ишке орношо алышат.

Япониядан келген делегация жакын арада жумушка орноштуруу маселесин иш берүүчүлөр менен талкуулоону пландап жатышканы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM