Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустун 85 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен кабарлашты.
Анын ичинен 28 адам оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 57 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.
Бейтаптардын 73ү үй шартында, калган 12си ооруканада дарыланууда.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустун 201 миң 414 учуру катталды.