Биз менен байланышыңыз

УКМК «Дөө Чыңгыз» кармалганын кабарлады

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 2149 | 0

Бишкекте «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен таанылган кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда кабарлады.

Маалыматка караганда, Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Чыңгыз Жумагуловду кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактылары боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү», — деп айтылат Атайын кызматтын маалыматында

УКМК Жумагуловдон жабыркаган жарандар болсо, 0 (312) 64-04-75 ишеним телефонуна билдирүү калтырууну өтүнөт.

8-июлда айрым маалымат каражаттары кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу жазышкан. Атайын кызмат бул айтылгандарды четке каккан.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM