Биз менен байланышыңыз

Чоң-Кемин дарыясындагы ГЭС-1 боюнча иштерди баштоо келишимине кол коюлду

Кыска кабар | 15 Июл 2022 | 378 | 0

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясында «Чоң-Кемин» ГЭС-1 суу электр станциясын долбоорлоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоорду орусиялык IGHolding Rus ААКы, Кыргызстандын «Инкрафт» ЖАКы жана Канаданын i-Energy Power Expert Consulting Inc. компанияларынын консорциуму ишке ашырат.

Келишимге кол коюу аземинде Кыргызстандын уникалдуу гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү бар экени жана ал толугу менен пайдаланыла электиги белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин бүткүл республика боюнча иштеп жаткан кендерин жана жаңы кен жайларын, өндүрүштүк объектилерди, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле бир катар жаңы ГЭСтерди, анын ичинен Орто-Токой ГЭСи менен Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтердин каскадынын курулушу туурасында кенен маалымат алышты.

Чүй облусундагы Чоң-Кемин дарыясынын узундугу башатынан тарта Чу дарыясына кошулган жерине чейин 118 чакырымды түзөт. Дарыянын агымы 1929-жылдан бери көзөмөлдөнүп, жетиштүү түрдө изилденген.

«Инкрафт» ЖАКтын адистери тарабынан Чоң-Кемин дарыясынын суу-энергетикалык мүмкүнчүлүгүнө изилдөө жана баалоо иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча ГЭСти жайгаштыруу үчүн эң натыйжалуу аймактар тандалып алынган. Ошентип ГЭС-1 Чоң-Кеминдеги ГЭСтер каскадынын биринчи бөлүгү болот. Чоң-Кемин ГЭС-1ди ишке киргизүү 2025-жылдын II кварталына пландаштырылган, станциянын жалпы кубаттуулугу 14-16 МВт болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM