«Манас» эл аралык аэропортунан Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
«Уральские авиалинии» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.
Ошондой эле «Бишкек-Санкт-Петербург-Бишкек» багыты боюнча аба каттамдарды «АвиаТраффикКомпани» компаниясы да жумасына бир жолу — ишемби күнү аткарып келет.