Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан дагы 11 тонна кумшекер алып чыгууга кылгандар кармалды

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 224 | 0

Кыргызстандан 11 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

«Акжол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна Кыргызстандын жарандары айдаган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаа келген. Айдоочулар чек арачыга унаада ун азыктары, китлап бар экени жазылган коштоочу документтерди көрсөтүшкөн. Текшерүү учурунда чек арачылар кутулардын артына катылган 11 тонна кумшекер табышкан.

Айдоочулар жасалма документ менен Кыргызстандан Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылышкан. Документтер толукталып бүткөндөн кийин айдоочулар жана жүк кошумча иликтөө үчүн укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Чек ара кызматы Министрлер кабинетинин чечими менен кумшекерди жана камыш кантын өлкөдөн экспорттоого убактылуу тыюу салынганын белгилейт.

Бир күн мурун эле Кыргызстандын аймагынан Казакстанга 6 тонна кумшекерди мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM