Баткен облусунун Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Лейлек райондук ИИБ жетекчилеринин бири У.Ж.Н.дин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.
Ал чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жарандардын кылмыш иштерин токтотуунун ордуна аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн.
Учурда окуянын бардык жагдайын иликтөө жүрүп жатканын Атайын кызмат билдирди.