Биз менен байланышыңыз

Тоо-кен тармагындагы жүздөн ашык лицензия мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 145 | 0

Учурда жүздөн ашык тоо-кен тармагындагы лицензия мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал экономиканын бардык тармагында өсүш барын, ага тоо-кен тармагындагы кирешелер негиз болгонун, анын 70%дан көбү «Кумтөрдөн» түшкөнүн, андан тышкары «Жерүй», «Чаарат», «Эти-Бакыр Терексай» кендери да туруктуу киреше алып келип жатканын айтты.

«Лицензияларды тартипке келтирдик. Аны бекер кармап отургандар тапшыра баштады, бүгүнкү күнгө 100 лицензия мамлекетке тапшырылды, анын 65и алтын кендер үчүн берилген лицензиялар болчу. Лицензияны кармоо (СУЛ) боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк эле, азыр жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87%ы төлөндү. Жергиликтүү бюджеттерге 213 млн сомдон ашык каражат түштү», — деди минкабдын жетекчиси.

2022-жылдын 6 айында тоо-кен тармагындагы салыктык кирешелер 25,8 миллиард сомду түздү.

«2021-жылы казынага тоо-кен тармагынан 22,9 млрд сом түшкөн. Жарым жылда былтыркы бир жылга караганда салыкты көп чогулттук. Мен кендерди иштетүүгө каршы чыккандарга кайрылат элем. Өлкөдө 245 авариялык мектеп бар, 219 704 аз камсыз болгон үй-бүлө (алардын санариптик картасы түзүлдү) жана 710 миңден ашуун пенсионер жашайт. Жыл сайын болжол менен 10 миңдей жаңы кошумча окуучулук орундар талап кылынат. Бул үчүн жылына 24 жаңы мектеп куруу керек. Мындан тышкары республика боюнча ооруканаларды оңдоо, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына кам көрүү зарыл. Бул үчүн бизде кошумча булактар болушу керек», — дейт Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM