Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 214 | 0

Бүгүн, 13-июлда Түштүк Кореянын Сеул шаарында кыргыз-корей бизнес-форуму өттү. Ал эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 30 жыл толгонуна байланыштуу уюштурулуп, форумга кыргыз-корей алдыңкы компанияларынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын өкүлчүлүгү өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик деңгээли тууралуу таанытым жасады. Элчи Аида Исмаилова соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда кыргыз-корей кызматташтыгынын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

Анын ичинде санариптештирүү, айыл чарбасы, текстиль, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, транспорт, жашыл экономика, курулуш, билим берүү, туризм жана башка тармактар кызматташтыктын келечектүү багыттары катары белгиленди.

Аида Исмаилова инновациялык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирип, бул жаатта активдүү кызматташууну сунуштады.

Korea Telecom (KT) компаниясынын улук вице-президенти Мун Сунгук инвестициялык форумдун негизги максаты кореялык бизнести Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү менен тааныштыруу экенин айтты.

Форумда Кыргызстандын санариптик өнүгүү стратегиясы, инвестициялык климаты жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын туризмин туруктуу өнүктүрүү боюнча сессиянын жүрүшүндө Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун директору Елена Калашникова жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын долбоорунун менеджери Аскат Акибаев баяндама жасашты. Мындан тышкары Кыргызстандагы туризм тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы Туризмди колдоо фонду менен Кореянын алдыңкы туроператору «Хана Тур» компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бизнес-форумга Кореянын Тышкы иштер министрлигинин, KT Construction, Omnisystem, Smartro, BC card, KOMSCO, Hana tour ж.б. ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандан барган бир катар компаниялар катышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестиция салууга кызыкдар кореялык компаниялардын Ишкерлер кеңеши түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM