Биз менен байланышыңыз

Айт намазда аянтты жардырууга келгендерди тосуп алган адам кармалды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 1486 | 0

Курман айт намазы учурунда Бишкектин борбордук аянтын жардыруу үчүн келген эки чет элдик жаранды тосуп алган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, «Курман айт намазы окулуп жаткан маалда Бишкектин борбордук аянтын жардырмак» деген шек менен 7-июлда Сириядан келген эки жаран колго түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө буларды тосуп алган «Катиба аль Таухид валь-Жихад» аттуу эл аралык террордук уюмдун активдүү колдоочусу Р.Ж. аттуу кыргызстандык экени аныкталып, издөө башталган. 9-июлда ал Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.

Шектүү кыргызстандык жарандын узак убакыт бою чыгыш мамлекеттеринин биринде жүргөнү, ал жерден кылмыштуу иштерди уюштуруп турган тууганы тарабынан радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы тастыкталган. Р.Ж. Сириядан атайын террордук даярдыктан өткөн деген маалымат бар.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда шектүүлөр суракка алынып, террордук топтун башка тарапташтары изделип жатат.

УКМК: Айт намазына келгендерди жардырууга ниеттенгендер кармалды

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM