Биз менен байланышыңыз

УКМК: Айт намазына келгендерди жардырууга ниеттенгендер кармалды

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 3868 | 1

Курман айт намазы маалында Бишкектин борбордук аянтына теракт жасоого ниеттенгендер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

7-июлда түшкөн маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлүп, террордук топтор менен байланышы бар, Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жарандын Курман айт намазы маалында Бишкектин борбордук аянтына жардыруу уюштурууга ниеттенгендери аныкталган.

Алар борбордук аянтка жакын жерден ижарага алынган батирде чалгындоо жүргүзүп, жардырууга даярдык көрүп жатышканда колго түшкөн. Буларга көмөктөшүп жүргөн башка да адамдар кармалган.

Тергөө учурунда бул адамдардын Сириядагы согуш болуп жаткан аймактардан атайын даярдыктан өткөнү тастыкталып, жардыруу жасоого далил заттар алынган. Кармалгандардын бири жардыргыч зат жасоо боюнча нускоочу болгон.

Шектүүлөр КР УКМК тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Самат

    14.07.2022 16:02

    Аты жөнү жазгыла? Жазалбасанар чыгарбагыла

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM