Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго абитуриент кабыл алуунун босого баллы бекитилди

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 6606 | 1

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун босого баллын бекиткен буйрук чыгарды.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга бюджеттик жана контракттык орундар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Ал эми педагогика багыты боюнча бюджеттик орундун босого баллы негизги тест — 115, предметтик тест — 60 болуп бекиди. Ал эми ушул багытта контракттык орундун босого баллы негизги тест — 110, предметтик тест — 60 деп чечилди.

I жана II топтогу майып жарандар үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, контракттык орундарга негизги тест -100 балл деп кабыл алынды.

Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой элеакы төлөнүүчү окутуунун бардык формасынын сынагына босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

1 пикир

1 пикир

  1. Бакыт

    17.07.2022 16:43

    100гө жетпеген балл менен өтпөйбүзбү университетке

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM