Биз менен байланышыңыз

14-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 313 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 14-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда, дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM