Биз менен байланышыңыз

Быйыл жогорку окуу жайлар 6 миң бюджеттик орун бөлөт

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 1085 | 0

2022–2023-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу көлөмү бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин маалыматы боюнча, 2022-2023-окуу жылында бюджеттик билим берүү үчүн 6 миң орун каралган. Анын 4 миң 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнгөн.

Ошол эле учурда быйылкы окуу жылына кошумча 205 гранттык орун бөлүнүп, алар табигый-техникалык жана педагогикалык багыттарга бөлүштүрүлгөн.

Быйыл мурдагыдай эле жогорку окуу жайларга тапшырууда жеңилдиктерге ээ болгон жарандардын категориясы аныкталды.

Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган абитуриенттерге, майып жарандарга, 2002-жылдын 17-18-мартында болгон Аксы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүш, июндагы Ош окуяларында каза болгон жарандардын балдарына, кайрылман макамына ээ болгондорго, чет жерде жашаган этникалык кыргыздарга тиешелүү.

80 мамлекеттик билим берүү гранты мыйзамдарга ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM