Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус кайра каттала баштады. Сактануу жолдору

Коом , Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 3869 | 0

Кыргызстанда СOVID-19ду жугузуп алгандар көбөйө баштады. «Күзүндө жалпы өлкө үчүн карантин киргизилиши мүмкүн» деген кабар элди тынчсыздантып, дүрбөлөңгө салууда. Андыктан ар бир жаран коронавирустун жайылып кетпешине салым кошуп, тиешелүү чараларды көрүүсү зарыл.

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту жеңүүнүн негизги жолу тартип жана тазалык экенин айтууда. Демек, өлкө бийлиги жана медиктер берген сунуштарды так аткарып, ар бирибиз жоопкерчиликтүү болууга милдеттүүбүз. Андан тышкары бул күндөрү өздүк гигиенага өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

Алдыда илдет менен күрөшүүдө жардам катары керектүү эрежелерди жана коронавирустун статистикасын сунуштайбыз.

Бүгүн, 12-июлга карата 28 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз катчысы Мира Нурланова билдиргендей, 20 адамдан ооруканага келгенде, андан тышкары Өзбекстан менен Казакстандан келген эки жарандан, дагы алты адамдан ПЦР-изилдөө маалында табылган.

«Коронавирус жугузуп алгандардын жыйырмасы үйдөн дарыланууга жиберилди, экөө ооруканага жаткырылды. Адистер акыркы жумада оорунун өсүшү байкалганын билдирет. Кечээ, 11-июлда коронавирус жугузуп алган 14 адам катталган, бардыгы Бишкек шаарында. Оору жугузуп алгандардын бири Бириккен Араб Эмиратынан келген».

Эпидемиолог Рыскүл Чыналиева былтыр ооругандарга кайра жукпасына кепилдик жок экенин маалымдады.

Анын айтымында, бул вирус толук изилденип бүтө элек. Анын үстүнө улам мутация болуп жатат. Андыктан, 100% кепилдик менен бир нерсе айтууга болбойт.

«Мисалы, суу чечек менен бир ооруган киши экинчи оорубайт. Ал эми бул ооруда эч кандай кепилдик жок. Индиялык штаммга антитело жардам бербейт деген сөздөр айтылып жатат. Азыр былтыр ооругандардын көбүндө антитело бар. Бирок ага ишенип жүрө бербей, вакцина алгыла деп чакырат элек».

Медицина илимдеринин кандидаты, инфекционист Дамира Чыныеванын билдиришинче, иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Ал эми иммунитети күчтүү адамга вирус жукпай деле калышы мүмкүн.

«Иммунитетти көтөрүү керек. Дегеним, витаминдүү тамактарды, азыктарды жеп, туура тамактануу зарыл. Зыяндуу азыктарды колдонбоо өзүңүзгө эле пайда алып келет».

Коомдук транспорт — вирустун тарап кетишинин эң кооптуу жолдорунун бири. Вирустар абадан, чүчкүргөн учурдагы шилекейдин эң эле майда бөлүкчөсү аркылуу жугат.

Бир нече иликтөөлөр көрсөткөндөй, сасык тумоо жайылып жаткан мезгилде коомдук транспортту көп колдонгондор алты эсе көп ооруган.

Оорунун белгилери:

Кадимки сасык тумоодон айырмаланып, коронавирус жугузганда мурундан суу акпайт, адам чүчкүрбөйт.  Негизги белгилери:

алгач дене табы көтөрүлөт;

бара-бара ал чыйрыктырууга өтөт;

башы ооруйт;

дем кыстыгуу пайда болот;

бүткөн бой жанчылып ооруйт;

ал кетип, кыймыл оорлой баштайт;

Оорунун инкубациялык убактысы, тагыраагы, бир кишиге жуккандан кийин курч формага өтө элек, билинбей турган маалы — 14 күн. Айрым окумуштуулар бул убакыт 24 күнгө созуларын айтышат.

Кытай илимпоздору оорудан айыккан адамдар деле вирус ташып жүрө турганын билдиришти.

Адистер бул ооруга байланыштуу интернеттен таркап жаткан маалыматтарды талдай билүүгө кеңеш беришет.

«Ишенимдүү булактардан гана кабар алыңыз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий веб сайты күнү-түнү коронавирус тууралуу жаңылыктарды чыгарып жатат. Who.int сайтына кирсеңиз, орус тилиндеги баракчасы да бар. Социалдык тармактар менен тараган кабарлардын чын-бышыгын ар дайым текшериңиз». 

Коронавирустан сактануу жолдору:

Колуңузду мүмкүн болушунча тез-тез жууп туруңуз. Эшиктен киргенде, дааратканадан чыкканда, тамак ичерде самындап жууганды унутпаңыз.

Эл көп чогулган жактарга барбаңыз. Кимдир-бирөө чүчкүрүп же жөтөлүп жатса, бир метрден арыраак туруңуз.

Көзүңүздү, мурдуңузду, оозуңузду кармалай бербеңиз. Кол аркылуу көптөгөн вирус жугат.

Дем алуунун гигиенасын сактаңыз. Башкача айтканда, жөтөлүп, чүчкүрүп жатсаңыз, оозу-мурдуңузду салфетка же жүзаарчы менен жабыңыз.

Дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп жатсаңыз, эртерээк дарыгерге кайрылыңыз. Бул оору өтө тез курчуйт.

Тамак жасаганда коопсуздукту сактаңыз. Өлгөн малдын этин жебеңиз. Эт туураган тактай, бычак менен жашылча-жемиш туураган тактай, бычакты аралаштырбаңыз. Базардан чийки эт алганда өтө этият болуңуз. Тамак-аштын баарын кайнатып жеңиз.

Көчөгө түкүрүп, какырбаңыз, ал аркылуу оору өтө тез күчөйт.

Беткап коронавирустан сактабайт. Аны тескерисинче, вирусту жайылтпоо үчүн кийүү керек. Бирок ар бир эки саат сайын жаңысына алмаштырып туруу зарыл.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 201 миң 215 адамга жетти.

Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM