Connect with us

УКМК: «Ак кеме» мейманканасынын мурдагы жетекчиси камалды

Кыска кабар | 12 Июл 2022 | 931 | 0

«Ак кеме» мейманканасынын мурдагы жетекчиси камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

УКМКга «Ак кеме» мейманкана комплексинин кызмат адамдары мамлекеттик мүлктү натыйжасыз пайдаланып, өлкө бюджетине зыян келтиргени тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасы мыйзамсыз төмөндөтүлүп берилгени, мындан өлкө казынасы 7 млн сомдон ашык зыян тартканы аныкталган.

Айтылган фактыга «Ак кеме» мейманкана комплексинин мурдагы жетекчиси Т.Б. айыптуу катары шектелип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда мейманкананын ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүү дайындалды. Бул кылмышка башкалардын да тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM