Биз менен байланышыңыз

Мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү министрлиги жөндөйт

Кыска кабар | 11 Июл 2022 | 268 | 0

Мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жөндөй турган болду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 8-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Отурумда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасап, доклад кеңеш мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Жолугушууда илим тармагын реформалоо, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн санын жогорулатып, сапатына басым жасоого багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынды.

Муну менен бирге Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус беримей болду. Алар: Кыргыз улуттук университети; Кыргыз мамлекеттик техникалык университети; Кыргыз агрардык академиясы; Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы; Ош мамлекеттик университети.

Мындан сырткары, Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) «Илимий изилдөө университети» макамы ыйгарылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM