Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү урады (видео)

Кыска кабар | 11 Июл 2022 | 355 | 0

Чет элдик туристтер Ысык-Көл тоолорундагы мөңгүнүн урашын видеого тартып алышкан.

Окуя Ысык-Көл облусунун тоолорундагы Жууку капчыгайдан бир топ туристтер (9 британиялык жана бир америкалык) өтүп бара жатканда болгон.

Мөңгү 8-июлда ураган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок.

Туристтер мөңгү басып калган жерден 5 мүнөт мурун өтүп кетишкенин айтышкан.

Адистердин айтымында, мөңгүнүн урашына климаттын өзгөрүшү себеп болгоню Абанын температурасы жогору болгондуктан, мөңгү эрип, анын бир бөлүгү ураган.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жерине куткаруучучулар жөнөп кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM