Биз менен байланышыңыз

«Манас» университети эми бардык иш-чараны министрлик менен макулдашып өткөрөт

Кыска кабар | 9 Июл 2022 | 2483 | 0

Кыргыз-түрк «Манас» университети мындан ары бардык иш-чараларды Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен өткөрөт.

Бул тууралуу жарандык активист Гүлжигит Исаковдун кайрылуусуна министрликтин берген жообунда айтылды.

Билим берүү министрлиги окуу жайдын проректору Асылбек Калмурзаевге катуу эскертүү берген.

«Кыргыз-түрк «Манас» университети эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан кандайдыр бир күчтөрдүн саясий куралына айланбашы керек. Ошондой эле университетте өткөрүлгөн семинар боюнча министрлик тарабынан ички иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарына чыгарылат» , — деп айтылат маалыматта.

30-май күнү Кыргыз-түрк «Манас» университети «Фетхуллахчы террор уюму/Параллелдүү ммалекеттик түзүм» (түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын «террордук уюм» деп эсептейт — ред.) аталышында семинар өткөргөн. Анда түрк элчиси Ахмет Садык Доган Түркиянын ички саясатындагы окуяларга Кыргызстандагы бир катар мекеме уюмдарды тиешеси бар деп айыптаган.

Окуу жайдын бул аракети интернеттеги кыргыз сегментиндеги колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып, активист Гүлжигит Исаков университетке чара көрүү жана окуу жайдын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.

Тышкы иштер министрлиги семинар уюштурууга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген, бирок жыйынтыгы айтыла элек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM