Биз менен байланышыңыз

Түрк инвесторлору Бишкекте трамвай системасын курууга кызыкдар

Кыска кабар | 9 Июл 2022 | 378 | 0

Түрк инвесторлору Бишкекте заманбап трамвай системасын курууга кызыкдарлыгын билдиришти. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты.

5-июлда агенттигинин директору Равшан Сабиров түркиялык “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда транспорт жана инфраструктура боюнча долбоорлор талкууланды.

Түркиялык инвесторлор Лейлектеги Исхак Раззаков аэропортун модернизациялоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын — жеңил темир жол же заманбап дековил курууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда талкууланган маселелер боюнча биргелешип жумуш алып баруу макулдашылды.

Yapı Merkezi 1965-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн отуздан ашык өлкөсүндө түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM