Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Июл 2022 | 425 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Анда биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук адамзаттын баа жеткис рухий байлыктарынан болсо, Курман айт – дал ушундай баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамдарынын бири деп айтылат.

«Ата-бабалар да илгертен бери Жаратканга жакындоо максатында Курман айтта мал союп, курмандык чалып, куран окуп, жакшы бата-тилектерин айтышкан. Колунда барлар курмандыкка чалган малдын этин муктаждарга таратып, эл арасындагы бир туугандык сезимдерди арттырып, бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөт. Мындай иш-аракеттердин аркасында барга топук, азга каниет кылып, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка үндөп келишкен. Курман айт коомчулукта тең салмактуулукту жаратып, боордоштук, бир туугандык сезимдерди өркүндөтүп-өрчүтөт» , -деп айтылат куттуктоодо.

Жапаров союлган курмандыктар менен аткарыган ажылык парздар да кабыл болуусун тиледи.

Бүгүн Жапаров Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта Курман айтка байланыштуу майрамдык айт намазга катышты.

Майрамдык айт намазга өлкөнүн жогорку жетекчилиги, дин кызматкерлери, ошондой эле он миңдеген кыргызстандыктар чогулду.

Copyright © 2017 Maral FM