Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында 22-24-июль күндөрү «Ак Мөөр Fest — 2022» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Фестиваль кыргыз кыздарын даңазалоо, кадыр-баркын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу максатында өтөт.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз биримдиги» коомдук бирикмеси өткөрөт.