Биз менен байланышыңыз

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча сот отуруму жылдырылды

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 427 | 0

Бүгүн, 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч жарандын иши боюнча соттук отурум өттү.

Маалымат булактары отурум жабык болгонун кабарлашты. Кийинки отурум жабырлануучу тараптын жактоочуларынын өтүнүчү менен 12-июлга белгиленди.

13 жаштагы секелекти зордуктоого эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир жаран айыпталган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Н.О. аттуу жарандын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси («сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери А.Э. менен К.Н. аттуу жаран кармалган.

Бүгүн сот имаратанын алдында аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы митинг өттү. Топтолгондор зордук-зомбулук, зордуктоо фактыларынын көбөйүшүнөн улам бийликти бул маселеге көңүл бурууга чакырып, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM