Биз менен байланышыңыз

Билим берүү министрлиги 1200 окуучуну Ысык-Көлгө эс алдырат

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 359 | 0

Жай мезгилинде жалпы 1200 окуучуну Ысык-Көлдөгү жайкы лагерлерде эс алдыруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жайкы эс алуу графиги ушул жылдын 10-июнунда министр кол койгон №1150/1 буйруктун негизинде бекитилген. Ага ылайык, ар бир этапта 300дөн окуучу Ысык-Көлгө жөнөтүлөт.

Жайкы эс алуу негизинен мүмкүнчүлүгү чектелүү, аялуу катмардагы балдарга, анын ичинен өзгөчө башталгыч кесиптик билим берүү системасында окугандарга уюштурулат.

Айта кетсек, жайкы лагерлер 16-июнда башталган. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы борбордун 46 мектебине жайкы лагерь ачылганын, анда кезек-кезеги менен жалпы 4470 бала эс аларын буга чейин маалымдаган.

Бишкектеги 46 мектепте лагерь ачылат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM