Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги 46 мектепте лагерь ачылат

Кыска кабар | 12 Июн 2022 | 254 | 0

16-июндан тарта билим берүү мекемелеринде жана Ысык-Көлдүн жээгинде балдар үчүн лагерлер ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн, ошондой эле мектеп алдындагы лагерлерде окуган активисттердин жана отличниктердин жайкы эс алуусу 2022-жылы Бишкек шаарынын 46 мектебине пландаштырылган. Аларда жалпысынан 4470 бала эс алат.

Райондук билим берүү борборлору мектеп лагерлеринде жайкы тарбиялык-ден соолукту чыңдоо кампаниясын уюштуруу, координациялоо жана контролдоо, окуучулардын эс алуусун пландаштыруу жана ийримдердин жана короо клубдарынын ишин уюштуруу боюнча жооптуу адистер бекитилген.

Ысык-Көлдүн жээгинде балдардын эс алуусун уюштуруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы июль айында шаардын жалпы билим берүү уюмдарынын 230 окуучусу үчүн жайкы лагерлерге жолдомолорду сатып алууга тендер жарыялады.

Тендердик конкурстун жыйынтыгы боюнча балдар Сары-Ой айылында жайгашкан «Жалын» балдардын ден соолукту чыңдоо комплексине барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM