Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңгиз Бөлтүрүк менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Теңгиз Бөлтүрүк муфтийди келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаганы айтылат.
Ал эми муфтий «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, муфтияттын ишмердүүлүгү менен тааныштырган.