Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Президент Садыр Жапаров өлкө аймактарына жумушчу сапары менен чыкканда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда көпчүлүгү соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктарды айтышат.
Ошол себептен мамлекет башчы башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.
Зулушев менен Ниязбеков Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат.