Биз менен байланышыңыз

Эл аралык деңгээлдеги дарыгерлерди даярдаган жогорку окуу жай

Билим-маданият , Коом | 4 Июл 2022 | 2541 | 0

Акыркы жылдары медициналык факультетке тапшырууну каалаган абитуриенттердин саны арбууда. Дарыгердин кесибин аркалоо «модага» айланып, каалоочулар көбөйдү.

Бирок адистердин саны көп болгону менен, сапаты начар болгондуктан, жыл өткөн сайын аларга өмүр сакчысы катары ишеним артууга болбой калды деген кооптонуу күч алып баратат.

Буга байланыштуу жогорку категориядагы, кесипкөй, «иштин көзүн» билген медицина кызматкери болуу үчүн алгач окуй турган окуу жайды жана мугалимдерди туура тандоо керек.

Рийал Риис Рамананд Рамчандер келечектеги дарыгер. Алыскы Түштүк Африкадан Кыргызстанга келип «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин медицина факультетинде билим алууда. Кичинесинен адам анатомиясына кызыкан Рийал, мектепти бүткөндө ЖОЖды абдан кылдаттык менен тандаганын айтат. Себеби адам өмүрү менен байланышкан кесип чоң жоопкерчиликти жана жогорку кесипкөйлүктү талап кыларын белгилейт.

«Дарыгерлик кесипке ээ болууда окуу абдан маанилүү болгондуктан, мектепти бүткөн соң, окуу жайлардын баарын абдан изилдеп, маалымат тпотодум. Көп окуу жайдын арасынан  “Ала-Тоо» Эл аралык университетин тандап алдым. Себеби аиалган окуу жай дүйнөлүк стандартка жооп берет. Окуткан мугалимдер дагы өз тармагында белгилүү болгон профессорлор, тажрыйбалуу, кесипкөй устаттар. Азыр 2-курс болдум. Окуудагы шарттар дагы абдан жагат».

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде медицина факультети 2016-жылы ачылган. Учурда 380 студент билим алат. Алардын арасында 20дан ашык чет өлкөнүн окуучулары бар. Ошондой эле медицина факультетинде чет мамлекеттен келген окутуучулар сабак беришет. Болочоктогу дарыгерлер үчүн сабакты мыкты өздөштүрүү үчүн окуу имараты заманбап жабдыктар менен камсыздалган, бардык шарттары менен лабараториялык сабактар өтүлүүчү бөлмөлөрү бар.

«Ала-Тоо» Эл аралыкт университетинин медицина факультетинин мугалими Бермет Абдумутолифова ар бир студентке теорияны практика жүзүндө көрсөтүү үчүн керектүү жабдыктар менен камсыздаларын билдирди.

«Ар бир студенттин жеке микроскобу бар. Мисалы биз гисталогия сабагынан эмнени өтөбүз, баарын микроскоптон көрө алат.  Ашказан-ичеги жөнүндө өтүп жаткан болсок, чоң жоон ичегини көрүшөт. Ар бир студентке атайын слайд берилет. Слайддан туура, жакшы структурасын көрсөтүшөт. Бул нерсе кийин патологиядан айырмалай билүү үчүн өтө керек.»

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин медицина факультетинин мугалими Тынарбек Арзыкулов сабактар англис тилинде өтүп жатканы – окуу жайдын эң чоң өзгөчөлүгү экенин баса белгилейт.

«Башка университеттерден эң эле чоң өзгөчөлүгү — англис тилинде сабак өтүп жатканы. Англис тилинде өтүлгөндөгү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жана ресурстарга жол ачылат. Мисалы, биз окуп жаткан слайддар, Американын атайын экзамени бар, ошого даярдык катары лекциялардан алынган. Кыргызстандын стандарттарына тууралайбыз, башка өлкөлөргө жол ачканга аракет кылабыз.  Ал эми студенттерден талап кылабыз».

Медициналык факультетте окуу мөөнөтү, мамлекеттик стандартка ылайык, 6 жыл. ЖРТнын негизинде кабыл алынат. Жогорку балл алгандарга бюжеттик орундар каралган. Келишимдик негизде окуу акысы кыргызстандын жарандарына 3миң доллар, ал эми чет мамлекеттен келген студеттер үчүн 4 миң доллар. Ошондой эле ар бир студенттин үй-бүлөлүк, социалдык абалына жараша арзандатуулар каралган. Жакшы окугандарга бекер окуу мүмкүнчүлүгү да бар экенин «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин, медицина факультетинин деканы Кудайберген Осмоналиев түшүндүрдү.

«Жеңилдиктер сөзсүз бар. Бизде окуп жаткан Кыргызстандын жарандарынын ар 7-8и студент бекер окуйт. Алар алтын сертификаттын ээлери. Андан сырткары олимпиадага катышкандарга 100% жеңилдиктер бар. Көп окуучулар 20 — 50% арзандатуулар менен окушат. Былтыр президентибиздин бөлүп төлөө окуу боюнча жарлыгы чыккан. Биз бул ыкманы мурунтан эле колдонуп, студенттерибизге бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.»

Англис тилин жакшы өздөштүрүүгө жетишпей калган абитуриенттерге атайын тил үйрөнүүгө бир жылдык даярдоо курсу каралган. Ал жакта бир гана англис тилин эмес, француз, немис ж.б тилдерди үйрөнүүгө болот.

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинин жеке клиникасы дагы бар. Ал жакта студенттер теориялык билимин практика жүзүндө колдонуп, тажрыйба менен айкалыштыра алышат.

Эл аралык «Ала-Тоо» университети — студенттер үчүн өзүн өздөштүрүүгө, бир кесипке дайынданууга мүмкүнчүлүк берген шаарча. Эртең менен келген студент окуу жайдан кечинде чыгат. Студенттер үчүн китепканалар, лабораториялар иштейт. Окуу жайда эс алуу үчүн да шарттар каралган. Тамактануу үчүн чакан кафетерийлер, студенттер үчүн ашканалар бар.

Эл аралык «Ала-Тоо» университети: Төрт жыл окуп, эки диплом алса болот

Copyright © 2017 Maral FM