Биз менен байланышыңыз

Жаратканга жакын болуунун майрамы – Курман айт

Блог , Коом | 4 Июл 2022 | 1298 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалыматына ылайык 2022-жылдын 9-июль күнү Кыргызстанда Курман айт белгилени турат.  Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам. Курман айтка он күн калганда жан дүйнѳнү аруулаганга аракет кылуу зарыл экендиги айтылып келет.  

Майрамдын мааниси

Араб тилинде “курбийет” деген сѳз бар. Бул сѳздүн мааниси “жакындык” дегенди билдирет. Тыбыштык жактан бир аз ѳзгѳрүүгѳ учурап кыргыз тилине оошуп келген.

“Курман” деген сѳз дагы түпкүлүгүндѳ араб тилиндеги “курб” деген сѳздѳн келген. Мааниси “Пенденин Жараткан Алла Таалага жакын болуусун” билдирет. Ал эми “Айт” – майрам деген маанини туюнтат. Демек “Курман айт” – “Жаратканга жакын болуунун майрамы”. Курман айтта ар бир момун пенде Жаратканга жакын болуунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаганга аракет кылат. Ибадатта, кайрымдуулукта, курмандык чалып, айлана-тегерегиндегилерди кубантууда, айтор, колунан келген жакшы ишти аткарууга тырышат. Анткени маселенин түпкүрүндѳ Жаратканга эң сүйүктүү пенде болуу түшүнүгү турат. Бардык мусулмандар ушундай ой, ушундай түшүнүк менен жапа-тырмак жарышка түшкѳн кезде, майрамдын чыныгы атмосферасын кѳрүүгѳ болот. Бардык жерде жакшы ниет, жакшы ой, жакшы максаттар менен толкуган элибиз айт намаз окулган Ала-Тоо майданы сыяктуу бардык аймактарда мунун чыныгы мисалын кѳрсѳтүп келишет. Арийне бул майрам биримдиктин, ынтымактын, жардамдашуунун, кубанычтын майрамы. Кечиримдин майрамы.

Майрамдын тарыхы

Курман айт майрамынын жана курмандык чалуунун тарыхы Куранда аты аталган улуу пайгамбарлардан азирети Адам Атанын балдары Кабыл менен Абылдын курмандык чалуу икаясы (Мааида, 5/27-31) жана азирети Ибрахим пайгамбардын Жараткандан келген ыйык аянга моюн сунуп, ѳз уулун курмандыкка чалууга аракет кылуу жараянына (Саффат, 37/103-106) барып такалат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) Курман айт майрамын биринчи жолу хижрий 2-жылы, бизче айтканда 624-жылы Зулхижжа айынын 10-күнү белгилеген. Мына ошол жылдан баштап сүйүктүү Пайгамбарыбыздын сүйкүмдүү сүннѳт амалы катары жаамы мусулман журтчулугу белгилеп келишет.

Азирети Аастын уулу Абдулла (радиаллаху анху) деген сахаба Пайгамбарыбыздын минтип айтканын эскерет: “Курман айт күнүн майрам катары белгилѳѳгѳ буюрулдум. Бул күндү Алла Таала бул үммѳткѳ майрам кылып тартуулады”.

Курман айтка даярдык

Мусулманча Зулхижжа айынын алгачкы он күнүн (30-июндан 9-июлга чейин), тагыраак айтканда Курман айтка он күн калганда орозо кармап, ибадаттарга кѳбүрѳѳк убакыт бѳлүүгѳ, бассаң-турсаң оозуңдан келмени, тообону түшүрбѳй, жүрѳктү тазалаганга, жан дүйнѳнү аруулаганга аракет кылуу зарыл экендиги айтылат куттуу хадистерде. О.э. Пайгамбарыбыз “Зулхижжа айынын алгачкы он күнү пенде күнѳѳлѳрдѳн арылып, Жараткандын мээримине, ырайымына бѳлѳнѳ турган ѳтѳ берекелүү күндѳр” экендигин айткан жайы да бар.

Айт күнү

— Айт күнү тазаланып жуунуп (гусул), таранып, жыттуу атырларды себиниңиз. Эң жарашыктуу кийимдериңизди кийиңиз. Айт намазы окулуп бүткѳнчѳ эч нерсе жебеңиз.

— Айт намазына баратканда Жаратканды эстеп, ой жүгүртүп, Анын улуулугуна таазим кылып, тилектериңизди кобурап кайра-кайра айткандан тажабаңыз.

— Айт намазын ѳз каадасы менен аткарууга тырышыңыз. Айт намазы окулуп бүткѳн соң, курман айт кутбасына толук кулак тѳшѳп угуңуз, жамаат менен кошо дуба кылууну эч жадыңыздан чыгарбаңыз.

— Айт намазы бүткѳн соң, жакындарыңызды кучагыңызга бекем кысып, чын дилден куттуктаганыңызды, жакшы кѳрѳрүңүздү билдириңиз. Алыстагы жакындарыңызга телефон чалып куттуктаганды унутпаңыз. Өзгѳчѳ ата-энеңизди кубантуунун эң сонун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.

— Курмандык чалуу жайына сѳзсүз барыңыз. Өзүңүздүн атыңызга союла турган курмандыкты ѳз колуңуз менен чалганга аракет кылыңыз. Анте албасаңыз оозунда келмеси бар, мусулман кишинин сиздин атыңыздан сиздин курмандыкты мууздаганга уруксат берилет. Балагатка жеткен ар бир пендеге курмандык чалуу биздин ханафий мазхабында важиб экенин эстен чыгарбаңыз.

— Курмандыкка алынган малыңызды айт намазынан мурун союп алып жаңылып калбаңыз. Курмандык айт намазынан кийин союлат.

— Курмандыкка чалына турган жандыктардын, тагыраак айтканда кой, эчки, уй, тѳѳнүн кандай кемчилдиктери болбошу керектигин тийиштүү диний кызматкерлерден сурап, тактап алыңыз. Курмандык чалууда пенденин ниети ѳтѳ маанилүү экенин эстен чыгарбаңыз.

— Курмандык эти үч бѳлүккѳ бѳлүнүп, анын эки бѳлүгү муктаж жарандарга, жарды-жакырга, жетим-жесирлерге таратылуусу зарыл.

— Курман айт майрамы үч күнгѳ созуларын, тактап айтканда 9-июлдан баштап, 11-июль күнү асыр намазына чейин уланарын билип алыңыз. Мына ушул үч күндүн ичинде важиб курмандыктарды чалып, таратсаңыз болот.

Айт майрамы бул – сиздин майрам!

Курман айтта үй-бүлѳ мүчѳлѳрү, дос-жарлар, тууган-уруктар, тааныш жолдоштор бири-бирине куттук айтып, белек-бечкек берүү каадасын жайылтуулары зарыл. Коломтодо сѳзсүз казан асылып, курмандык этинен даамдуу тамак-аштар жасалып, дасторкон жайылып конок күтүү абзел. Ѳзгѳчѳ жаш балдарга таттуу таратып, аларга чыныгы майрамдык маанай тартуулоо керек.

Сейитбек Идирисов

 

Быйыл Курман айт качан болору айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM