Биз менен байланышыңыз

Кеңири жайылган кесип – терапевт. Медиктер тууралуу статистика

Блог | 3 Июл 2022 | 310 | 0

Өлкөнүн медициналык уюмдарынын кызматкерлери июль айынын биринчи жекшембисинде кесиптик майрамын белгилеп келишет. Быйыл бул күн 3-июлга туш болду. Улуттук статистика комитети майрамга карата статистикалык маалыматтары жарыялады.

2021-жылы калкка медициналык жардамды 177 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 40 уюм, 2 медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана миңден ашуун фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү.

Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 62 жалпы медициналык практика борбору иштеген. Анын ичинде 155 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар.

2021-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 14 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн.

Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келген.

2021-жылы дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын саны: 

*10 000 кишиге

2021-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер төмөнкүлөр:

  • терапевттик (4,7 миң адам);
  • хирургиялык (2,4 миң) профиль боюнча;
  • стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң);
  • акушер-гинекологдор (1,0 миң);
  • педиатрия профилиндеги дарыгерлер (500 дөн ашык адам).

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2022-жылдын январь-апрелинде 15 697 сомду (кичи ишканаларды кошпогондо) 2021-жылдын январь-апрелине пайыздык салыштырууда 46 пайызды (2021-ж. январь-апрелинде – 10 759 сом) түздү.

 

Президент Садыр Жапаровдун Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM