Биз менен байланышыңыз

4-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Июл 2022 | 264 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 4-июль түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

 Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана  Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38,

Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Нарын аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM