Биз менен байланышыңыз

Алматыдан Тамчыга авиакаттам ачылды

Кыска кабар | 3 Июл 2022 | 191 | 0

Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Алматы — Тамчы — Алматы» маршруту боюнча «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алган.

Жүргүнчүлөрдү ташууну SCAT авиакомпаниясы ишке ашырып, жумасына 2 ирет – дүйшөмбү жана жума күндөрү учуп турмакчы.

Жума ичине дагы эки каттам кошуу пландалып жатканы айтылды.

Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM